Россиядан Кыргызстанга акча которуулар

Акчаны Korona тиркемесинен онлайн жөнөтүңүздөр

Акча которууну кантип жөнөтсө болот

Өлкөнү тандап, жөнөтүү ыкмасын көрсөтүңүз
1
Өлкөнү тандап, жөнөтүү ыкмасын көрсөтүңүз

«Акча которууну жөнөтуу» баскычын чыкылдатып, алуучу жайгашкан өлкөнү жана жөнөтүү ыкмасын тандаңыз. Сумманы киргизип, зарыл болсо, которуу валютасын тандаңыз.

Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн маалыматтарын толтуруңуз
2
Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн маалыматтарын толтуруңуз

Жөнөтүүчүнүн телефон номерин, паспорттогудай фамилиясын, атын жана атасынын атын, ошондой эле алуучунун керектүү маалыматтарын киргизиңиз

Маалыматтарды текшериңиз
3
Маалыматтарды текшериңиз

Текшергенден кийин акча которууну карта¹ менен төлөңүз

  1. 1
    Өлкөнү тандап, жөнөтүү ыкмасын көрсөтүңүз

    «Акча которууну жөнөтуу» баскычын чыкылдатып, алуучу жайгашкан өлкөнү жана жөнөтүү ыкмасын тандаңыз. Сумманы киргизип, зарыл болсо, которуу валютасын тандаңыз.

  2. 2
    Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн маалыматтарын толтуруңуз

    Жөнөтүүчүнүн телефон номерин, паспорттогудай фамилиясын, атын жана атасынын атын, ошондой эле алуучунун керектүү маалыматтарын киргизиңиз

  3. 3
    Маалыматтарды текшериңиз

    Текшергенден кийин акча которууну карта¹ менен төлөңүз

Өлкөнү тандап, жөнөтүү ыкмасын көрсөтүңүз

Акча которууну кантип алса болот

Берүү пункттарында накталай түрдө

Акчаны берүү пункттарынын биринен алып кетүү же которууну картага чегерүү чечимин, алуучу өзү кабыл алат. Пункттар дарегин картадан көрүүгө болот

Банктык караталарга же алуучунун эсебине

Эгер акча которууну картага чегерүү жеткиликтүү болсо², тиркемеде которуу тууралуу маалымат башкы экрандан көрүнөт. Алуучунун телефон номери боюнча жөнөтүүдө⁵ — дароо алуучунун эсебине/картасына которулат.

Korona тиркемеси менен сиз кийинкилерди аткара аласыз

1

Акча которууларды жөнөтуу

Акча которууларды жөнөтуу
2

Жакынкы тейлөө пункттарын табуу

Жакынкы тейлөө пункттарын табуу
3

Акчаны дароо картага чегерүү

Акчаны дароо картага чегерүү
4

Суроолорду колдоо кызматына берүү

Суроолорду колдоо кызматына берүү

Кызмат тууралуу

20 000 тейлөө пункту

Кызматтын катышуучулары жана өнөктөштөрү – дүйнөнүн 50 өлкөсүндөгү банктар, почта операторлору жана ири соода тармактары

Онлайн акча которуулар

Интернет аркылуу Европа өлкөлөрүнө, Россияга, Түркияга, Грузияга, КМШ өлкөлөрүнө акча которуңуз. Сизге ыңгайлуу болгон которуу валютасын тандаңыз

Тарифтер 0%³

Төлөө валютасы жөнөтүү валютасынан айырмаланса, акча которуу үчүн комиссия⁴ болбойт. Мисалы, сиз рубль менен төлөйсүз, ал эми акча которууну доллар менен жөнөтөсүз

Ыңгайлуу тиркеме

25 миллиондон ашык колдонуучу KoronaPay тиркемесин жогору баалады

Көп берилүүчү суроолор

Korona деген эмне?

Korona – «Золотая Корона» акча которууларына арналган мобилдик тиркеме. «Золотая Корона» – Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн каржы рынокторунда 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан төлөм кызматтарынын системасы. Акча которуу кызматтары онлайн Korona мобилдик тиркемесинде жана тейлөө пункттарында жеткиликтүү – «Золотая Корона» жүздөгөн банктар, почта бөлүмдөрү, ири дүкөндөр тармактары менен кызматташат. Сизге ыңгайлуу акча которууну берүү жана жөнөтүү пунктун жана кредитти жабуу кеңсесин картадан тандасаңыз болот. 25 жылдан ашуун убакыттан бери биз миллиондогон кардарларыбыз үчүн каржылык кызматтарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылып жатабыз.

Россиядан Кыргызстанга акча жөнөтүүнүн кандай ыкмалары бар?

Акча которуулар үчүн бир нече ыкмалар жеткиликтүү: Онлайн:

  • «Золотая Корона» акча которуусу Жөнөтүүчү Korona тиркемесинен акча суммасын жана валютасын көрсөтөт, ошондой эле алуучунун жана жөнөтүүчүнүн маалыматтарын: телефон номерин, паспорттогудай атын, атасынын атын (бар болсо) киргизет. Алуучу которууну накталай алып же Korona тиркемесинен картага чегере алат².
  • Алуучунун телефон номери боюнча⁵ Жөнөтүүчү Korona тиркемесине алуучунун телефон номерин киргизет, алуучунун банкын тандайт жана которуу жөнөтүлө турган алуучунун көрсөтүлгөн картасынын/эсебинин маалыматтарын текшерет, которуунун суммасын киргизет жана зарыл болгон учурда которуунун валютасын тандайт. Которуу жөнөтүүчү тарабынан тандалып алынган реквизиттер боюнча Алуучунун картасына/эсебине которулат.
  • Картанын номери боюнча Жөнөтүүчү Korona тиркемесине дароо эле Кыргызстандын Элкарт төлөм тутумунун картасынын номерин киргизет. Жөнөтүүдө алуучунун телефон номери көрсөтүлбөйт

Накталай:

  • «Золотая Корона» акча которуусу Жөнөтүүчү өздүгүн күбөлөндүргөн документин⁷, өзүнүн телефон номерин, ошондой эле алуучунун маалыматтарын көрсөтөт: телефон номери, паспорттогудай фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), которуунун суммасын жана валютасын көрсөтөт. Андан кийин жөнөтүүчү документтерди текшерип, кол коёт жана которууну төлөйт. Алуучу которууну накталай алып же Korona тиркемесинен картага чегере алат².
  • Алуучунун телефон номери боюнча⁵ Жөнөтүүчү өздүгүн күбөлөндүргөн документти⁷ көрсөтөт, өзүнүн телефон номерин, ошондой эле Алуучунун телефон номерин билдирет, Алуучунун ага билдирилген маалыматтарынын ичинен которуу жүргүзүү зарыл болгон реквизиттерди тандайт, зарыл болгон учурда которуунун валютасын тандайт; которууга төлөйт. Которуу жөнөтүүчү тарабынан тандалып алынган реквизиттер боюнча Алуучунун картасына/эсебине чегерилет. Акча которууну Фрисби, билайн,  МТС (РТК), Столото,  Мотив банкттарынан жана соода тармактарынын пункттарынан жөнөтсө болот.
  • Кыргызстандын карта номери боюнча Элкарт төлөм тутумуна жөнөтүү Акча которууну билайн,  МТС (РТК), Фрисби,  «Лотереи Москвы» АК (Столото) банкттарынан жана соода тармактарынын пункттарынан жөнөтүүгө болот.
Акчаны Korona уюлдук тиркемеси аркылуу кантип жөнөтөт?

Акча которууну жөнөтүү үчүн, Korona (6+) уюлдук тиркемесин жүктөп алыңыз.

  1. «Акча которууну жөнөтуу» баскычын басыңыз, алуучунун өлкөсүн, которуунун суммасын жана валютасын тандаңыз. Биз акча которуунун наркын эсептеп чыгып, комиссияны, валютаны конвертациялоо курсун көрсөтөбүз, ошондой эле алуучуга которуунун статусу жөнүндө маалымдоо кызматын сунуштайбыз.
  2. Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн чоо-жайын толтуруңуз. Алуучунун телефон номерин, паспорттогу фамилиясын, атын жана атасынын атын киргизиңиз.
  3. Зарыл болсо, маалыматтарды текшерип, оңдоңуз. Эгерде сиз анын маалыматтарын туура эмес киргизсеңиз, алуучуга которулган акча берилбейт.
  4. Картанын маалыматтарын: номерин, жарактуулук мөөнөтүн, картанын арткы бетиндеги үч орундуу CVC2/CVV2 санариптик кодун толтуруңуз. Карта 3-D Secure технологиясын — операцияларды SMS боюнча тастыктоону колдоого тийиш.
  5. «Төлөм» баскычын басыңыз жана которууну тастыктаңыз. Алуучуга акча которуунун уникалдуу номерин сөзсүз жөнөтүңүз, ошондо ал которуунун статусуна сайтта же Korona (6+) тиркемесинде көз салып жана акчаны ала алат.
Акчаны картага алуунун шарттары

Акча которууну онлайн алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын бардык банктары чыгарган ЭЛКАРТ, VISA, Mastercard или Maestro карталарын пайдаланыңыз. Сом менен чегерилет. Эгер эмитент банктан башка валюта алынса, анда чегерүү биринчи РНКО курсу боюнча сом менен, андан кийин эмитент банктын курсу менен валютага өтөт. Мындай ыкма белгилүү чектөөлөргө ээ экендигин эскепке алыңыз. Чектер: Кардардын операцияларынын саны боюнча:

  • Бир күндө 5 акча которуу. -30 күн ичинде катары менен 15 акча которуу. Акча которуулардын суммасы боюнча:
  • 1 000 000 руб. (валюта менен эквивалент) – 30 катары менен.
  • РФдан акча которууда бир жолкуга 600 000 рублдан (валюта менен эквивалент) ашпаган суммадагы которууну, башка өлкөлөрдөн которууда – 10 000$ алса болот. Сиздин картаны чыгарган банкка жараша кошумча чектөөлөр болушу мүмкүн. Маалымат алуу үчүн, сураныч, Маалымат борборуна кайрылыңыз: +7 495 766-48-98 (күнү-түнү, Москва жана Москва облусу боюнча чалуулардан башка чалууга акы төлөнөт). Чалуу акысы – сиздин байланыш операторуңуздун тарифтерине ылайык.
Акча качан түшөт?

Онлайн ыкмасы менен акча которууда, адатта акча заматта же кийинки жумушчу күнү келет. Дем алыш же майрам күнү төлөнсө, акча которуу 2 жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн. Акча которууну накталай акча менен алуу үчүн, алуучунун аты-жөнүнө жана телефон номерине жөнөтүүдө, эреже катары, которуу жөнөтүлгөндөн бир нече мүнөттөн кийин алуу үчүн жеткиликтүү болот. Картага дароо жөнөтүлгөндө, чегерүү мөөнөтү 30 мүнөттөн 3 жумушчу күнгө чейин. Чегерүү мөөнөттөрү эмитент-банкка жараша узартылышы мүмкүн.

Акча которууну башка валютага конвертациялоодо курс кандай болот?

Акча которууну жөнөткөн учурдагы конвертациянын так курсун Korona (6+) тиркемесинен билүүгө болот. Бул үчүн, алуучунун өлкөсүн, акча которуунун суммасын жана валютасын тандаңыз – ошондо сиз конвертация курсун жана рубль менен төлөнүүчү сумманы көрөсүз.

Акча которууну кантип накталай алууга болот?

Акча которууну накталай түрдө «Золотая Корона» берүү пункттарынан ала аласыз. Акча которууну алуу үчүн, сизге анын номери керек болот. Акча которуунун номери боюнча которуу берүүгө даяр же даяр эмес экенин текшерүүгө болот. Муну Korona же сайттан тиркемесинен билүүгө болот.

  1. Берүү пунктун тандаңыз. Сайтта же тиркемеде картаны колдонуңуз.
  2. Пункттун кызматкерине «Золотая Коронага» акча которулганын билдириңиз. Өздүгүн күбөлөндүргөн документти — мисалы, паспортту көрсөтүңүз¹.
  3. Акча которуу номерин атаңыз жана акча алыңыз.

¹Которулган акчаны алуу, алуучу өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлөт, керектүү документтердин тизмесин тактоо үчүн которууну алуу пландалып жаткан банктын бөлүмүнө кайрылууну сунуштайбыз.

Акча которууну картага кантип алса болот?

Картага акча которууну Korona (6+) уюлдук тиркемесинен же сайттан ала аласыз.

  1. Тиркемеден Акча которуулар тарыхын ачыңыз. Эгер акча которуу онлайн түрүндө жеткиликтүү болсо, «Акча которууну картага алуу» баскычын көрөсүз. Эгер жок болсо — сизге накталай берүү пункттарынын даректерин көрсөтөбүз.
  2. Сайттан «Акча которууну чегерүү» баскычын басыңыз жана аны телефон номериңиз боюнча табыңыз. Эгер РФнын жараны болсоңуз: толук аты-жөнүңүздү, акчаны чегерүүнү каалаган картаңыздын номерин киргизиңиз. Эгер сиз чет өлкөнүн жараны болсоңуз: толук аты-жөнүңүздү, паспортуңуздун маалыматтарын, туулган жериңизди жана катталган дарегиңизди киргизиңиз. Ошондой эле, Жеке кабинеттин талаптарына ылайык башка маалыматтарды киргизиңиз.
  3. Даяр! Ырастоодон кийин, акча көрсөтүлгөн картага түшөт. Эреже катары, акча адатта бир нече мүнөт ичинде келет. Көңүл буруңуз: картага чегерүү мөөнөтү банкыңызга жараша болот. Эгерде акча которууну картага чегерүү мүмкүн болбосо, аны накталай ала аласыз. Кененирээк — Картага акча которууларды алуунун атайын шарттарында.
Мага которулган акча номерин кантип билүүгө болот?

Эгер сиз «Золотая Корона» акча которуусун күтүп жатсаңыз, телефонуңузга уюлдук тиркеме орнотуңуз, анда номер гана эмес, келип түшкөн транзакция жөнүндө бардык маалыматтар чагылдырылат.

Мындан тышкары, жөнөтүүчү которууну тариздөөдө кызматтан кабарлоо функциясын колдоно алат же сизге номерди өз алдынча билдире алат.

Деги эле жөнөтүлгөн же алынган акча которуулар тууралуу маалыматтар Korona (6+) уюлдук тиркемесинин «Тарыхы» бөлүмүндө авторизациялангандан кийин жеткиликтүү болот.

Эгер жөнөтүүчү ФАА ката көрсөтсө, эмне кылыш керек?

Котормо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү аны жөнөткөн адам гана киргизе алат. Жөнөтүүчүгө ал тариздөөдө ката кетиргенин билдирип, жагдайды оңдоосун күтүңүз.

Бардык суроолор