Россиядан Кыргызстанга акча которуулар

Акчаны Korona тиркемесинен онлайн жөнөтүңүздөр

Акча которууну кантип жөнөтсө болот

Өлкөнү тандап, жөнөтүү ыкмасын көрсөтүңүз
1

Өлкөнү тандап, жөнөтүү ыкмасын көрсөтүңүз

«Акча которууну жөнөтуу» баскычын чыкылдатып, алуучу жайгашкан өлкөнү жана жөнөтүү ыкмасын тандаңыз. Сумманы киргизип, зарыл болсо, которуу валютасын тандаңыз.

Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн маалыматтарын толтуруңуз
2

Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн маалыматтарын толтуруңуз

Жөнөтүүчүнүн телефон номерин, паспорттогудай фамилиясын, атын жана атасынын атын, ошондой эле алуучунун керектүү маалыматтарын киргизиңиз

Маалыматтарды текшериңиз
3

Маалыматтарды текшериңиз

Текшергенден кийин акча которууну карта¹ менен төлөңүз

  1. 1

    Өлкөнү тандап, жөнөтүү ыкмасын көрсөтүңүз

    «Акча которууну жөнөтуу» баскычын чыкылдатып, алуучу жайгашкан өлкөнү жана жөнөтүү ыкмасын тандаңыз. Сумманы киргизип, зарыл болсо, которуу валютасын тандаңыз.

  2. 2

    Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн маалыматтарын толтуруңуз

    Жөнөтүүчүнүн телефон номерин, паспорттогудай фамилиясын, атын жана атасынын атын, ошондой эле алуучунун керектүү маалыматтарын киргизиңиз

  3. 3

    Маалыматтарды текшериңиз

    Текшергенден кийин акча которууну карта¹ менен төлөңүз

Өлкөнү тандап, жөнөтүү ыкмасын көрсөтүңүз

Акча которууну кантип алса болот

Берүү пункттарында накталай түрдө

Акчаны берүү пункттарынын биринен алып кетүү же которууну картага чегерүү чечимин, алуучу өзү кабыл алат. Пункттар дарегин картадан көрүүгө болот.

Korona тиркемеси менен сиз кийинкилерди аткара аласыз

1

Акча которууларды жөнөтуу

Акча которууларды жөнөтуу
2

Акчаны дароо картага чегерүү

Акчаны дароо картага чегерүү
3

Жакынкы тейлөө пункттарын табуу

Жакынкы тейлөө пункттарын табуу
4

Суроолорду колдоо кызматына берүү

Суроолорду колдоо кызматына берүү

Кызмат тууралуу

20 000 тейлөө пункту

Кызматтын катышуучулары жана өнөктөштөрү – дүйнөнүн 50 өлкөсүндөгү банктар, почта операторлору жана ири соода тармактары

Онлайн акча которуулар

Интернет аркылуу Европа өлкөлөрүнө, Россияга, Түркияга, Грузияга, КМШ өлкөлөрүнө акча которуңуз. Сизге ыңгайлуу болгон которуу валютасын тандаңыз

Тарифтер 0%²

Төлөө валютасы жөнөтүү валютасынан айырмаланса, акча которуу үчүн комиссия³ болбойт. Мисалы, сиз рубль менен төлөйсүз, ал эми акча которууну доллар менен жөнөтөсүз

Ыңгайлуу тиркеме

25 миллиондон ашык колдонуучу KoronaPay тиркемесин жогору баалады

Көп берилүүчү суроолор

Korona деген эмне?

Korona – «Золотая Корона» акча которууларына арналган мобилдик тиркеме. «Золотая Корона» – Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн каржы рынокторунда 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан төлөм кызматтарынын системасы. Акча которуу кызматтары онлайн Korona мобилдик тиркемесинде жана тейлөө пункттарында жеткиликтүү – «Золотая Корона» жүздөгөн банктар, почта бөлүмдөрү, ири дүкөндөр тармактары менен кызматташат. Сизге ыңгайлуу акча которууну берүү жана жөнөтүү пунктун жана кредитти жабуу кеңсесин картадан тандасаңыз болот. 25 жылдан ашуун убакыттан бери биз миллиондогон кардарларыбыз үчүн каржылык кызматтарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылып жатабыз.

Акчаны Korona уюлдук тиркемеси аркылуу кантип жөнөтөт?

Акча которууну жөнөтүү үчүн, Korona (6+) уюлдук тиркемесин жүктөп алыңыз.

  1. «Акча которууну жөнөтуу» баскычын басыңыз, алуучунун өлкөсүн, которуунун суммасын жана валютасын тандаңыз. Биз акча которуунун наркын эсептеп чыгып, комиссияны, валютаны конвертациялоо курсун көрсөтөбүз, ошондой эле алуучуга которуунун статусу жөнүндө маалымдоо кызматын сунуштайбыз.
  2. Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн чоо-жайын толтуруңуз. Алуучунун телефон номерин, паспорттогу фамилиясын, атын жана атасынын атын киргизиңиз.
  3. Зарыл болсо, маалыматтарды текшерип, оңдоңуз. Эгерде сиз анын маалыматтарын туура эмес киргизсеңиз, алуучуга которулган акча берилбейт.
  4. Картанын маалыматтарын: номерин, жарактуулук мөөнөтүн, картанын арткы бетиндеги үч орундуу CVC2/CVV2 санариптик кодун толтуруңуз. Карта 3-D Secure технологиясын — операцияларды SMS боюнча тастыктоону колдоого тийиш.
  5. «Төлөм» баскычын басыңыз жана которууну тастыктаңыз. Алуучуга акча которуунун уникалдуу номерин сөзсүз жөнөтүңүз, ошондо ал которуунун статусуна сайтта же Korona (6+) тиркемесинде көз салып жана акчаны ала алат.
Акча качан түшөт?

Онлайн ыкмасы менен акча которууда, адатта акча заматта же кийинки жумушчу күнү келет. Дем алыш же майрам күнү төлөнсө, акча которуу 2 жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн. Акча которууну накталай акча менен алуу үчүн, алуучунун аты-жөнүнө жана телефон номерине жөнөтүүдө, эреже катары, которуу жөнөтүлгөндөн бир нече мүнөттөн кийин алуу үчүн жеткиликтүү болот. Картага дароо жөнөтүлгөндө, чегерүү мөөнөтү 30 мүнөттөн 3 жумушчу күнгө чейин. Чегерүү мөөнөттөрү эмитент-банкка жараша узартылышы мүмкүн.

Акча которууну башка валютага конвертациялоодо курс кандай болот?

Акча которууну жөнөткөн учурдагы конвертациянын так курсун Korona (6+) тиркемесинен билүүгө болот. Бул үчүн, алуучунун өлкөсүн, акча которуунун суммасын жана валютасын тандаңыз – ошондо сиз конвертация курсун жана рубль менен төлөнүүчү сумманы көрөсүз.

Акча которууну кантип накталай алууга болот?

Акча которууну накталай түрдө «Золотая Корона» берүү пункттарынан ала аласыз. Акча которууну алуу үчүн, сизге анын номери керек болот. Акча которуунун номери боюнча которуу берүүгө даяр же даяр эмес экенин текшерүүгө болот. Муну Korona же сайттан тиркемесинен билүүгө болот.

  1. Берүү пунктун тандаңыз. Сайтта же тиркемеде картаны колдонуңуз.
  2. Пункттун кызматкерине «Золотая Коронага» акча которулганын билдириңиз. Өздүгүн күбөлөндүргөн документти — мисалы, паспортту көрсөтүңүз¹.
  3. Акча которуу номерин атаңыз жана акча алыңыз.

¹Которулган акчаны алуу, алуучу өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлөт, керектүү документтердин тизмесин тактоо үчүн которууну алуу пландалып жаткан банктын бөлүмүнө кайрылууну сунуштайбыз.

Мага которулган акча номерин кантип билүүгө болот?

Эгер сиз «Золотая Корона» акча которуусун күтүп жатсаңыз, телефонуңузга уюлдук тиркеме орнотуңуз, анда номер гана эмес, келип түшкөн транзакция жөнүндө бардык маалыматтар чагылдырылат.

Мындан тышкары, жөнөтүүчү которууну тариздөөдө кызматтан кабарлоо функциясын колдоно алат же сизге номерди өз алдынча билдире алат.

Деги эле жөнөтүлгөн же алынган акча которуулар тууралуу маалыматтар Korona (6+) уюлдук тиркемесинин «Тарыхы» бөлүмүндө авторизациялангандан кийин жеткиликтүү болот.

Эгер жөнөтүүчү ФАА ката көрсөтсө, эмне кылыш керек?

Котормо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү аны жөнөткөн адам гана киргизе алат. Жөнөтүүчүгө ал тариздөөдө ката кетиргенин билдирип, жагдайды оңдоосун күтүңүз.

Бардык суроолор

Акча которууларды Кыргызстанга «Золотая Корона» менен жөнөтүү оңой болот, анткени бул төлөм кызматтарынын тутуму каалооңузга жараша жөнөтүүнүн эки вариантын сунуштайт – онлайн жана тейлөө пункттарында накталай которуу.

Кыргызстанга накталай акча которуу үчүн, жакын жерде жайгашкан каалаган тейлөө пунктуна кайрылыңыз.