Которуу абалын текшерүү

Которулган акчаны
Кыргызстанда алуу

Которулган акчаны үйдөн чыкпай туруп картаңызга алыңыз!

«Денежные переводы KoronaPay»
мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз

visa master maestro

Которулган акчаны кантип алуу керек

Кызматты пайдалануу жана которулган акчаны картага алуу үчүн эки ыкманы колдонууга болот: «Денежные переводы KoronaPay» мобилдик тиркемесине жана koronapay.comсайтында.
Эки вариант тең күнү-түнү жеткиликтүү.

  • «Денежные переводы KoronaPay»6+ тиркемесин жүктөп алыңыз

    mob
  • Кирүү жана катталуу

    Биринчи киргенде Кыргызстанды тандап, мобилдик телефонуңузду көрсөтүп, «Кирүү үчүн код алууну» басып, СМС менен келген кодду киргизиңиз.

    mob
  • Кирүүчү которуу

    Эгер сизге акча которулуп жана аны «Денежные переводы KoronaPay» (6+) мобилдик тиркемесинен картага которуу мүмкүн болсо, тиркеменин «Таржымал» баракчасында ал которуунун карама-каршы жагында «Которулган акчаны картага алуу» баскычы пайда болот. Аны басыңыз

    mob
  • Которулган акчаны картага алуу

    Картаңызга которула турган валютадагы сумма көрүнөт. «Картага алуу» баскычын басыңыз.

    mob
  • Алуучунун аты-жөнү

    Пайда болгон тизмелерден алуучунун аты-жөнүн тандап, "Алуу" баскычын басыңыз.

    mob
  • Банк картасынын
    номери

    Банк картаңыздын номерин киргизиңиз. Операцияны аягына чыгарыңыз.

    mob

Которулган акчаны мобилдик тиркемеден картага кантип алуу керектиги боюнча нускаманы караңыз

Которулган акчаны картага алуу шарттары

Которулган акчаны онлайн алуу үчүн Кыргыз Республикасын банктары чыгарган ЭЛКАРТ, VISA, Mastercard же Maestro карталарын колдонуңуз.
Акча каржаттары картага кыргыз сому менен которулат.

Мындай ыкмада айрым чектөөлөр бар экенин эске алыңыз.

Чектөөлөр:

Кардар операциясынын саны:

  • бир күндө 2 жолу акча которуу
  • 30 күндө катары менен 10 жолу акча которуу

Которуунун суммасы:

  • 1 000 000 руб. (валютадагы эквиваленти) – 30 күн катары менен
  • 1 500 000 руб. (валютадагы эквиваленти) – 60 күн катары менен
  • 2 000 000 руб. (валютадагы эквиваленти) – 90 күн катары менен
  • Бир жолку алууда 600 000 рублдан (валютадагы эквиваленти) ашпаган сумманы (РФдан которулса) алууга болот. Ал эми башка өлкөлөрдөн 10 000$

    Картаңызды чыгарган банкка жараша кошумча чектөөлөр болушу мүмкүн.

«Суроо-жооп»

Картага которууда комиссия алынабы?

Кыргызстанда акча каражаты банк картасына комиссиясыз которулат*.

Которулган акча банк картасына канча убакытта түшөт?

Акча каражатын картанын дайын-даректери боюнча которуу бир нече мүнөттө же кардар тандаган которуу буйругун аткаруу ыкмасына (дароо же кийинчерээк) жараша кийинки календардык күнү аткарылат.
Акча каражаты көпчүлүк учурда картага тез эле которулуп**, алуу мөөнөтү кыскарат.

Жөнөтүлгөн валютадагы акча каражаттары башка валютага кандай курс менен конвертацияланат?

Валютаны конвертациялоо курсу которулган акчаны картага берүү талап кылынган учурда РНКО «Платежный Центр» (ООО) тарабынан аныкталат.

Мага жөнөтүлгөн которуунун номерин кантип билем?

Эгер «Золотая Корона» аркылуу которулган акчаны алуу керек болсо, телефонуңузга «Денежные переводы KoronaPay» (6+) мобилдик тиркемесин орнотуңуз. Тиркемеде которулуп келген акчалар тууралуу толук маалымат, ошондой эле которуу номерлери чагылдырылат. Мындан тышкары, жөнөтүүчү акча которуп жатканда, номерди кызматтын билдирмелер функциясын колдонуп же сизге өзү айтып коё алат.

Жөнөтүлгөн же алынган акча каражаттары тууралуу маалыматты төмөнкүлөргө авторлошкондон кийин «Таржымал» бөлүмүндө көрө аласыз:

  • «Денежные переводы KoronaPay» (6+) мобилдик тиркемесинде
  • «Золотая Корона» сайтындагы жеке кабинетинде – koronapay.com

Жөнөтүүчү аты-жөнүмдү ката көрсөтүп койсо эмне кылуу керек?

Жөнөтүүчү которууга өзгөртүүлөрдү киргизе алат. Өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин, которулган акчаны кайра алууга аракет кылып көрүңүз.